Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«айдар I уст. 1. волосы, оставляемые на затылке мальчика; 2. чуб, коса (у мужчины); аркасында айдары – тору айгырдын жалындай фольк. сзади у него коса, как грива у гнедого жеребца; <> айдарын тигип или айдарын салып злобно, зверем (взглянув); маа айдарын тигип турбайбы! да он на меня зверем смотрит!; айдарын тигип, найзасын суна кабыл алышты они встретили злобно, в штыки» (Юдахин 1965:30).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эркек кишинин төбөсүнө коюлуп, өрүлгөн узун чачы. Көкүл – айдар чачым бар («Манас» С.О.). Аркасында айдары. («Манас» С.К.). Жеңеси үн дебестен эки айдар кылып өрүп берди. (Абакиров). Коё берген айдары, Далыда жүрөт салпылдап. («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок белбоо – Асылдын жалгыз баласы («Эл адабияты»). Алтын айдар, чок бел боо, Арстан тууган Алмамбет («Манас»). Аркасында айдары Тору айгырдын жалындай («Манас»).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
< арабизм. hейдар «шер, арстан». Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга, Манаска кабар салыӊар, Чакырып келе калыӊар (Жүсүп Мамай). Жогорудагы «айдарын тигүү» жана «айдарын салуу» деген фразеологизмдер ушул айдар II менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, «Манаста» Алмамбетке гана айтылуучу «алтын айдар» (Алтын айдар, чок белбоо, Азиз кандын жалгызы) калмак тилинен да кездешет. Ошентип, түрк-монгол параллели деп эсептелип жүргөн бул сөздүн теги жогорудагы арабизмге барып такалышы да мүмкүн, анткени буга маанилеш көкүл сөзү да иран тилдеринен алынганы (көкүл < ир. какол) белгилүү.